Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-майы № 262
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Өрт коопсуздугу жаатындагы лицензиялык-уруксат берүү системасындагы карама-каршылыктарды жоюу максатында, "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 55-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 60-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60-глава. Өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоо боюнча, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоо, жөндөө жана оңдоо боюнча, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүү боюнча, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүү боюнча, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
376. Өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоого, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүүгө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого лицензиялар өрт коопсуздугу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
377. Өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоого, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүүгө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого лицензиялар ажыратылгыс жана мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
378. Өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоого, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүүгө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого лицензияларды алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди кошумча берет:
1) өрткө каршы автоматика системасын долбоорлоого:
- ушул Жобонун 3-тиркемесинин формасы боюнча өзүнүн жана (же) ижарага алынган материалдык-техникалык базасы жөнүндө маалымкатты;
- лицензия изденүүчү аткарууга ниеттенип жаткан өрткө каршы коопсуздуктун автоматика системаларын долбоорлоо боюнча жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо системасынын сыпаттамасын;
- ушул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча лицензия изденүүчүнүн жана анын адистеринин квалификациясы жөнүндө маалыматты;
- штаттык же жалданма адистердин квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү (көчүрмөлөр нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөгөн учурда, түп нускаларды көрсөтүү менен) берүүгө тийиш: билими тууралуу диплом, эмгек китепчелердин көчүрмөлөрү жана убактылуу ишке тартылган адистер менен түзүлгөн келишимдердин (эмгек макулдашууларынын) көчүрмөлөрүн; адистин квалификациясын ырастоочу документтер, башка учурларда аталган адистер тарабынан квалификацияны жогорулатуунун атайын курстарын аяктоосу (эгерде билими ишинин профили боюнча алынбаса же квалификацияны жогорулатуунун буга чейинки курстары беш жыл мурун аяктаган болсо);
2) өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоого, жөндөөгө жана оңдоого, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүүгө:
- лицензиат монтаждоого, жөндөөгө, тейлөөгө жана оңдоого ниеттенген өрттөн коргоо системасынын жана каражаттарынын түрлөрүнүн тизмегин;
- ушул Жобонун 3-тиркемесинин формасы боюнча менчик жана (же) ижарага алынган материалдык-техникалык база жөнүндө маалымкатты;
- лицензия изденүүчү аткарууга ниеттенип жаткан өрттөн коргоо жабдууларын жана системаларын монтаждоо, жөндөө, оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча жумуштардын жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо системасынын сыпаттамасын;
- ушул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча лицензия изденүүчүнүн жана анын адистеринин квалификациясы жөнүндө маалыматты;
- штаттык же жалданма адистердин квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү (көчүрмөлөр нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөгөн учурда түп нускаларды көрсөтүү менен) берүүгө тийиш: билими тууралуу диплом, эмгек китепчелердин көчүрмөлөрү жана убактылуу ишке тартылган адистер менен түзүлгөн келишимдердин (эмгек макулдашууларынын) көчүрмөлөрүн; адистин квалификациясын ырастоочу документтер, башка учурларда аталган адистер тарабынан квалификацияны жогорулатуунун атайын курстарын аяктоосу (эгерде билими ишинин профили боюнча алынбаса же квалификацияны жогорулатуунун буга чейинки курстары беш жыл мурун аяктаган болсо);
3) коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүгө:
- ушул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча лицензия изденүүчүнүн жана анын адистеринин квалификациясы жөнүндө маалымат;
- штаттык же жалданма адистердин (бар болсо) квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү (көчүрмөлөр нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөгөн учурда, түп нускаларды көрсөтүү менен) берүүгө тийиш: билими тууралуу диплом, эмгек китепчелердин көчүрмөлөрү жана убактылуу ишке тартылган адистер (бар болсо) менен түзүлгөн келишимдердин (эмгек макулдашууларынын) көчүрмөлөрүн; адистин квалификациясын ырастоочу документтер, башка учурларда аталган адистер тарабынан квалификацияны жогорулатуунун атайын курстарын аяктоосу (эгерде билими ишинин профили боюнча алынбаса же квалификацияны жогорулатуунун буга чейинки курстары беш жыл мурун аяктаган болсо);
4) өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоого:
- ушул Жобонун 4-тиркемесинин формасы боюнча лицензия изденүүчүнүн жана анын адистеринин квалификациясы жөнүндө маалымат;
- штаттык же жалданма адистердин (мындайлар бар болсо) квалификацияларын ырастоо үчүн лицензия изденүүчү көчүрмөлөрдү (көчүрмөлөр нотариус тарабынан күбөлөндүрүлбөгөн учурда, түп нускаларды көрсөтүү менен) берүүгө тийиш: билими тууралуу диплом, эмгек китепчелердин көчүрмөлөрү жана убактылуу ишке тартылган адистер (бар болсо) менен түзүлгөн келишимдердин (эмгек макулдашууларынын) көчүрмөлөрүн; адистин квалификациясын ырастоочу документтер, башка учурларда аталган адистер тарабынан квалификацияны жогорулатуунун атайын курстарын аяктоосу (эгерде билими ишинин профили боюнча алынбаса же квалификацияны жогорулатуунун буга чейинки курстары беш жыл мурун аяктаган болсо).
379. Өрткө каршы автоматика системаларын долбоорлоодо, өрткө каршы автоматика каражаттарын монтаждоодо, жөндөөдө жана оңдоодо, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо иштерин жүргүзүүдө, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүүдө, өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоодо лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу лицензиаттын объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келиши;
2) лицензиат тарабынан өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда өрткө каршы ченемдердин жана эрежелердин сакталышы;
3) лицензиаттын аталышынын, уюштуруу-укуктук формасынын жана (же) жайгашкан жеринин лицензияда көрсөтүлгөнгө ылайык келиши;
4) лицензиат тарабынан өрт коопсуздугу жаатында аткарылуучу иштердин жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдүн лицензияны колдонуу чөйрөсүндө уруксат берилгендерге ылайык келиши;
5) атайын курстарда өз убагында окуудан же квалификациясын жогорулатуудан өткөн жана (же) жогорку же атайын орто билими, өрткө каршы коргоо жабдууларын жана системаларын монтаждоо, жөндөө, оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы бар адистердин өрт коопсуздугу жаатындагы жумуштарды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруусу;
6) өрткө каршы коргоонун автоматика системасын долбоорлоо боюнча иштерди жүргүзүүдө метрологиялык сыноолордон өткөн жабдууларды жана өлчөө каражаттарын пайдалануу;
7) өрткө каршы коргоонун автоматика системасын долбоорлоо боюнча иштерди жүргүзүүдө өрт коопсуздугу жаатында сертификациядан өткөн продукциянын жабдууларын жана өрткө каршы коргоо системаларын пайдалануу;
8) өрт коопсуздугу жаатында жумуштарды жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү өрт коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттерге, ченемдерге жана эрежелерге ылайык жүргүзүү.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |