КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 24-майы №31
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору аркылуу түшкөн акча каражаты жөнүндө
Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Молдокуловдун, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун негизинде бериле турган 230 000 (эки жүз отуз миң) сом акча каражаты жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин башкаруу тармагынын атайын счетуна пландан тышкары “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору аркылуу түшүүчү 230 000 (эки жүз отуз миң) сом акча каражаты киреше бөлүгүнүн планына отургузулсун.
2. Үч-Эмчек айылындагы “Нур желеси” балдар бакчасынын техникалык базасын чыңдоо үчүн атайын счеттон 230 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. 1.Кууганды айылдык аймактык кенешинин 2023-жылдын 15-февралындагы №7 токтомунун 7-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
2.“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору аркылуу келген “Нур желеси” балдар бакчасынын техникалык базасын чыңдоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 46 000 (кырк алты миң) сом акча каражаты өздүк салым катары жумшалсын.
4. Кууганды айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Н.Кѳкталовага бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: |
| Ф.К.Токушев |