Редакцияот 16.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы

 

2021-жылдын 16-июлу № 1

 

Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктан, 656 800 сомдун сметасын бекитүү жөнүндө

 

Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктан, 656 800 сомдун сметасын бекитүү максатында

Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктан: СТ-3111 – 594 800сому Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептин эшик-терезелерин алмаштыруу үчүн өздүк салым үчүн жумшалсын.

2. Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктан: СТ-2215 – 25 000сому Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептин эшик-терезелерин алмаштыруу боюнча тех.надзорго которулсун.

3. Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктан: СТ-2214 – 37 000сому Казан – Куйган айыл өкмөтүнүн мамлекеттик автоунаасына запастык бөлүк алууга жумшалсын.

4. Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктан, 656 800сомдун сметасын бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Нарын башкармалыгынан суралсын.

5. Бөлүнгөн сумманы мөөнөтүнөн кечиктирбестен которуп берүү жагы Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Мусилимовага милдеттендирилсин.

6. Токтомду аткаруу жагы Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мамбеткуловго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Шаарбек уулу Бекназар