Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-майы №32
“АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19гa жооп кайтаруу боюнча)” КК АИД-3 долбоорундагы: Үч-Эмчек айылынын “Нур Желеси балдар бакчасынын ашканасына жабдууларды сатып алуу”, ири долбоору жѳнүндѳ
КК АИД-3түн алкагында Кууганды айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана “Үч-Эмчек айылынын “Нур Желеси балдар бакчасынын ашканасына жабдууларды сатып алуу”, ири долбоор боюнча Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Молдокуловдун жана Кууганды айылдык аймагынын АКИА АКнын төрайымы Б.А.Кубанычбекованын маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Депутаттардын Кууганды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Үч-Эмчек айылынын “Нур Желеси балдар бакчасынын ашканасына жабдууларды сатып алуу”, ири долбоорунун жалпы бюджети 870 000 ( сегиз жүз жетимиш мин) сом, а.и. АРИСтин гранты 870 000 сом өлчөмүндө бекитилсин. (1-тиркеме.)
2. Ири долбоорлордо көрсөтүлгөн объектти техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен каралган чыгымдары бекитилсин.
3. Ири долбоорлордун жана тиешелүү иш кагаздардын АРИСке өз убагында берүүсүн камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага: |
| Ф.К.Токушев |
Эскертүү: 1-тиркеменин кагаз нускамасы келип түшкөн эмес.