Редакцияот 16.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы

 

2021-жылдын 16-июлу № 2

 

Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин сметасын бекитүү жөнүндө

 

Казан-Куйганайыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетин бекитүү  максатында

Казан-Куйган айыл аймагынын Казан-Куйган айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылга жайыт комитетинин бюджети 100 000 сом болуп бекитилсин.

2. 2021-жылга карата жайыт акы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Ири мүйүздүү 1(бир) баш малга 50 сомдон

Жылкынын 1 (бир) башына 50 сомдон

Кой-эчкиге 1(бир) башка 10 сомдон.

3. Жайыт комитетинин төрагасынын эмгек акысы айына 5000 (беш мин) сомдон бекитилсин.

4. Бул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ө.Карабагышовго милдеттендирилсин

 

 

Төрага

Шаарбек уулу Бекназар