Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 24-майы №33
Жол курулуш жана кѳпүрѳ оңдоо иштерине гравий алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы “2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын ѳнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жѳнүндѳ” №221 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль жолдору жѳнүндѳ” мыйзамынын 5 бѳлүмүнүн 35-статьясы “Кыртыш карьерлерин, резервдерди жана жергиликтүү курулуш материалдары алынуучу карьерлерди уюштуруу”, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 26-июлундагы №198 “Жолдорду куруу жана оңдоо иштеринде карьерлерди пайдаланууга укук алуу” тууралуу буйругун жетекчиликке алып, Кууганды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №36 жол тейлөө мекемесинин 0,5 км чакырым жолго гравий төшөө үчүн, асфальт басуу иштери толугу менен бүткөрүлгөнгө чейин жана Арал-Чоңѳр-Луговое жолундагы чоң кѳпүрѳнү оңдоого гравий алууга Кууганды айыл аймагынын Кууганды өзөнүндөгү Кызыл таштын жаны, Тегерек ѳзѳнүнүн сайы көрсөтүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.Молдокуловго милдеттендирилсин.
Тѳрага: |
| Ф.К.Токушев |