Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын
2024-жылы 29-апрели №1
“Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Бүргөндү айыл аймагы, Достук айыл аймагы жана Таш-Көмүр шаарынын Теңдик аймактык башкармалыгынын Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай, Кашкулак-Сай айылдары бириктирилип, “Бүргөндү – Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы жергиликтүү кеңештин регламентин карап чыгып, талкуулап бекитүү максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү – Достук айыл аймагынын айыл өкмөтү болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Бүргөндү – Достук айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүүлөр киргизилип кайрадан бекитилсин.
2.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Достук айылдык кеңешинин 2017-жылдын 25-январь № 1 токтому, Бүргөндү айылдык кеңешинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы:
| Б.Кубатов. |