БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 30-октябрындагы № 144
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой жана Сасык-Булак айылдарынын ортосундагы трасса жээгине ошондой эле Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарынын ортосуна жалпы 4 050 метр аларыкка электр жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн түзүлгөн сметанын негизинде 1 572 323(бир млн. беш жүз жетимиш эки миң үч жүз жыйырма үч) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| С.Осмонов |