БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 30-октябрындагы № 146
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы
Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак, Кеңеш, Кара-Ой жана Чоң-Токой айылынын тургундарынын ар биринин үйүнө интернет чубалгыларын тартып берүүгө Кыргыз Телеком ишканасынын Талас областык филиалына интернет түйүнүн киргизүү долбооруна 8000000( сегиз млн.) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| С.Осмонов |