Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-майы № 61
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Тоң, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Аксы, Сокулук, Чүй, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 20.05.2024-ж. № 4 - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Б.Мамбетов айылдык кеңеши боюнча;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 22.05.2024-ж. № 3 - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 20.05.2024-ж. № 2 - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 21.05.2024-ж. № 9; 22.05.2024-ж. № 10 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаардык жана Кош-Дөбө айылдык кеңештери боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 16.05.2024-ж. № 8; 23.05.2024-ж. № 9 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык жана Шопоков шаардык кеңештери боюнча;
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 23.05.2024-ж. № 5 - Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 21.05.2024-ж. № 9 - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көтөрмө айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 22.05.2024-ж. № 10 - Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут жана Ак-Сай айылдык кеңештери боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 17.05.2024-ж. № 10 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча.
Жеке арыздардын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 16.05.2024-ж. № 8 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 22.05.2024-ж. № 3 - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 21.05.2024-ж. № 11 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 20.05.2024-ж. № 4 - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл айылдык кеңеши боюнча;
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 20.05.2024-ж. № 2 - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айылдык кеңеши боюнча;
- Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 22.05.2024-ж. № 10 - Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңеши боюнча;
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 16.05.2024-ж. № 8 - Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 21.05.2024-ж. № 10 - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көтөрмө айылдык кеңеши боюнча;
- Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын 22.05.2024-ж. № 10 - Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут жана Ак-Сай айылдык кеңештери боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-2-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды резервге калтыруунун негизинде мандат алган депутат-аялдын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда тийиштүү шайлоо округунда шайлоочулардын кыйла көп добуштарын алган кийинки талапкер аялга өткөрүп берүү жөнүндө:
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 23.05.2024-ж. № 6 - Чүй облусунун Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоң, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Аксы, Сокулук, Чүй, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Тоң, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Аксы, Сокулук, Чүй, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Тоң, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Аксы, Сокулук, Чүй, Кадамжай, Баткен жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-майындагы № 61 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Ысык-Көл облусу | |||
Тоң району | |||
1 | Б.Мамбетов айылдык (№ 1 Жер-Үй-Көк-Сай шайлоо округу) | Исмаилов Арчабек Туйбаевич | Тоң АШК, № 4, 20.05.2024-ж. (10.05.2024-ж. өз арызы) |
Жалал-Абад облусу | |||
Жалал-Абад шаары | |||
2 | Жалал-Абад шаардык | Мамыров Джумабек Омурзакович (7) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 3, 22.05.2024-ж. (16.05.2024-ж. өз арызы) |
3 | Жоробаев Адилбек Суюнбаевич (17) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 3, 22.05.2024-ж. (11.05.2024-ж. өз арызы) | |
4 | Мейманкулов Искендер Асхатбекович (25) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Жалал-Абад АШК, № 3, 22.05.2024-ж. (07.05,2024-ж. өз арызы) | |
Базар-Коргон району | |||
5 | Сайдыкум айылдык (№ 2 Жаш-Ленин шайлоо округу) | Касымбек уулу Эрлан | Базар-Коргон АШК, № 2, 20.05.2024-ж. (17.05.2024-ж. өз арызы) |
Аксы району | |||
6 | Кербен шаардык | Юсупов Нурбек Мырзаканович (4) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Аксы АШК, № 9, 21.05.2024-ж. (20.05,2024-ж. өз арызы) |
7 | Собурбекова Упагүл Жумабаевна (6) "Ынтымак" депутаттык фракциясы | Аксы АШК, № 9, 21.05.2024-ж. (20.05,2024-ж. өз арызы) | |
8 | Кош-Дөбө айылдык (№ 1 Семет шайлоо округу) | Бекмуратов Баялы Сүйүналие вич | Аксы АШК, № 10, 22.05,2024-ж. (21.05.2024-ж. өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
9 | Жаңы-Жер айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Кемелбаев Уланбек Нарботоевич | Сокулук АШК, № 8, 16.05.2024-ж. (03.05.2024-ж. өз арызы) |
10 | Шопоков шаардык | Назаров Самат Ишенович (1) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Сокулук АШК, № 9, 23.05.2024-ж. (17.05.2024-ж. өз арызы) |
11 |
| Джумалиев Уланбек Талантбекович (5) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Сокулук АШК, № 9, 23.05.2024-ж. (17.05.2024-ж. өз арызы) |
Чүй району | |||
12 | Ак-Бешим айылдык (№ 2 Жаңы-Жол шайлоо округу) | Дуйшеналиева Айгуль Ташибековна | Чүй АШК, № 5, 23.05.2024-ж. (09.05,2024-ж. өз арызы) |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
13 | Көтөрмө айылдык (№ 3 Кескен-Таш шайлоо округу) | Ысыраылов Өмүрбек Азамжанович | Кадамжай АШК, № 9, 21.05.2024-ж. (17.05.2024-ж. өз арызы) |
Баткен району | |||
14 | Кыштут айылдык (№ 1 Газ шайлоо округу) | Маматкулов Кайратбек Идирисович | Баткен АШК, № 10, 22.05,2024-ж. (18.05.2024-ж. өз арызы) |
15 | Ак-Сай айылдык (№ 3 Үч-Дөбө шайлоо округу) | Талиев Алмазбек Садирович | Баткен АШК, № 10, 22.05,2024-ж. (08.05,2024-ж. өз арызы) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
16 | Нарын шаардык | Супатаева Гулзат Табылдиевна (14) "Ордо" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 10, 17.05.2024-ж. (15.05.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-майындагы № 61 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
1 | Жаңы-Жер айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Джумахматов Имомидин Махмарасулович | Сокулук АШК, № 8, 16.05.2024-ж. (14.05.2024-ж. өз арызы) |
2 |
| Ирискулов Жолдошбек Абдусаматович | Сокулук АШК, № 8, 16.05.2024-ж. (13.05.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 27-майындагы № 61 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деи таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Ысык-Көл облусу | ||||
Тоң району | ||||
1 | Төрт-Күл айылдык (№ 1 Төрт-Күл шайлоо округу) | Эсентуров Курманбек Эсентурович | Дыйкан чарбанын мүчөсү | Тоң АШК, № 4, 20.05.2024-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
2 | Жалал-Абад шаардык | Чойбеков Мелисбек Макамбаевич (35) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Жеке ишкер | Жалал-Абад АШК, № 3, 22.05,2024-ж. |
3 | Алтынбаев Нурлан Курбанбекович (38) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Заманбап эл аралык университети, окутуучу | Жалал-Абад АШК, № 3, 22.05,2024-ж. | |
4 | Тешебаев Айбек Тагайбекович (44) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | "Аманбанк" ААКнун Ош филиалы, директор | Жалал-Абад АШК, № 3, 22.05,2024-ж. | |
Базар-Коргон району | ||||
5 | Сайдыкум айылдык (№ 2 Жаш-Ленин шайлоо округу) | Кочкоров Кенжебек Калмаматович | Жеке ишкер | Базар-Коргон АШК, № 2, 20.05,2024-ж. |
Аксы району | ||||
6 | Кош-Дөбө айылдык (№ 1 Семет шайлоо округу) | Мадияров Эркиналы Токтоназарович | Пенсионер | Аксы АШК, № 10, 22.05.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
7 | Жаңы-Жер айылдык (№ 2 шайлоо округу) | Асамидинова Сарагүл Абдулхаковна | Убактылуу иштебейт | Сокулук АШК, № 8, 16.05.2024-ж. |
Чүй району | ||||
8 | Ак-Бешим айылдык (№ 2 Жаңы-Жол шайлоо округу) | Оргодоева Райкүл Болотбековна | Убактылуу иштебейт | Чүй АШК, № 6, 23.05.2024-ж. |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
9 | Көтөрмө айылдык (№ 3 Кескен-Таш шайлоо округу) | Айдарова Майрамкан | Пенсионер | Кадамжай АШК, № 10, 21.05.2024-ж. |
Баткен району | ||||
10 | Кыштут айылдык (№ 1 Газ шайлоо округу) | Атабаев Алмаз Жолдошович | Газ айылынын орто мектеби, мугалим | Баткен АШК, № 10, 22.05.2024-ж. |
11 | Ак-Сай айылдык (№ 3 Үч-Дөбө шайлоо округу) | Ибрагимов Орозбай Осмонович | Убактылуу иштебейт | Баткен АШК, № 10, 22.05.2024-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
12 | Нарын шаардык | Осмоналиева Медина Сатарбековна (17) "Ордо" саясий партиясы | Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы, башкы эсепчи | Нарын шаардык АШК, № 11, 21.05.2024-ж. |