Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 242
Автобекет уюштуруу үчүн мамлекеттик менчик объекттерин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Эл аралык жана шаар аралык каттамдардын маршруттарында жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте автобекет уюштуруу үчүн мамлекеттик менчикте турган төмөнкү объекттерди белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине акысыз өткөрүп берсин:
- кампа жайлары менен административдик имаратты: Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0206-01, пайдалуу аянты 1006,42 кв.м түзгөн А блогун жана пайдалуу аянты 2384,8 кв.м түзгөн Б блогун, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0206, аянты 0,925 га жанаша жайгашкан жер участогу менен;
- Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0246, аянты 2,751 га жер участогун;
- Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленин айылы, Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду 7-01-10-0010-0285, аянты 1,643341 га жер участогун.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;
- автобекеттин ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- автобекетти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү;
- өткөрүлүп берилүүчү объекттерди максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 21-майындагы № 38 (3591) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |