КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
2021-жылдын 2-марты № 28/1
Аксы райондук мамлекеттик салык башкармалыгы менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Абдумомун уулу Эмилбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын 28-сессиясы токтом кылат:
1. Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Аксы райондук мамлекеттик салык башкармалыгы менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишими тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме 7 баракта)
2. Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековго жүктөлсүн.
3. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |