КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
2021-жылдын 2-марты № 28/2
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн жаныбарларын идентификациялоодо мал ээлери менен мал чарба адисинин ортосундагы тарифти бекитип берүү жөнүндө
Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси У.Эргешбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын 28-сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айыл өкмөтүндө жылкыларды идентификациялоодо мал ээлери менен мал чарба адисинин ортосундагы келишим түзүлсүн.
2. Жылкыларга бирка тагуу акысы 200 (эки жүз) сомдон тарифи бекитилсин.
3. Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн мал чарба адиси У.Эргешбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы М.Атакуловага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.
Төрага | Ш.Мазакеев |