Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

2021-жылдын 2-марты № 28/4

 Кара-Жыгач айыл аймагынын Кара-Ой, Кара-Жыгач, Тор-Камыш, Чарба, Дардак-Дөбө айылдарына таза суу чыгаруу жөнүндө

 

  Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын 28-сессиясы токтом кылат:                

1.             Кара-Жыгач айыл аймагындагы Кара-Жыгач, Тор-Камыш, Дардак-Дөбө, Чарба, Кара-Ой айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн жана  иш кагаздарын даярдоого 500 000 (беш  жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.            Авлетим, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кызыл-Туу, Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактары менен биргеликте борборлоштурулган таза суу ишканасынын имаратына  жана техникалары туруучу жайга 0,50 га жер айыл чарба багытында эмес жерден жер бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековдон суралсын.

3.            Кара-Ой айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн таза суу кампасын жана имаратын курууга айыл чарбасына жараксыз жерден жер бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Момунбековдон суралсын.

4.            Бөлүнүп бериле турган жерлердин категориясын өзгөртүү (трансформациялоо) жагы Аксы мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

5.            Таза суу долбооруна жана таза суу ишканасына тиешелүү иш кагаздар “КАДАСТР” мамлекеттик ишканасынын Аксы филиалынан жана Кербен шаар куруу архитектура башкармалыгынан суралсын.

6.            Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы М.Атакуловага жүктөлсүн.

7.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

8.            Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

Төрага

Ш.Мазакеев