ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун
2024-жылдын 1–февралы № 28/4
Өзгөн шаарында “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” Жобону бекитүү
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларынын 2024-жылдын 26-январындагы биргелещкен отурумунун №1 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарында “Муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгаруунун тартибин бекитүү жөнүндөгү” Жобо депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өзгөн шаарында муниципалдык менчикте турган мүлктү эсептен чыгарууну Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана бекитилген жобого ылайык жүргүзүү жагы МММБ департаментинин директору М.Койчукуловго милдеттендирилсин.
3. Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26–декабрындагы Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жана муниципалдык менчиктеги автотранспорт каражаттарын сатуу жана баланстан чыгаруу тартиби жөнүндөгү жоболорду бекитүү жөнүндөгү № 21/2 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө, депутаттык этика, депутаттык мандат жана каада салттар боюнча» жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А. Хасанов