Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
2020-жылдын 12-декабры №132
«CASA- 1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун « Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трасформациялоо) жөнүндө
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы № 105 токтомунун негизинде, Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү 500 кВ электр чубалгысын орнотуу жөнүндө айылдык кенештин VI чакырылыш ХХХ кезектеги сессиясы
ТОКТОМ кылат :
1. Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу боюнча 12 даана электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 872,860,861,854,711,1043 контурларында жайгашкан , жалпы 4198 ч.м мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун “ Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. “CASA-1000” долбоорун ишке ашырууга жакындан көмөк көрсөтүү максатында айыл ичиндеги калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн жер адиси З.Осмоновко долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага: | К. Мусаев |