Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2020-жылдын 18-марты №113
Айыл аймак аркалуу өтүүчү САSА -1000 долбоорунун электр мамычалары үчүн жер аянтын ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл аймак аркалуу өтүүчү САSА -1000 электролиниясынын электромамычаларынын ээлеген жерлери үлүштүк, КБФ жана жайыт жерлерине туура келип жаткандыктан тиешелүү жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Э.Пасаңовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХVII кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. САSА -1000 электролиниясынын электромамычаларын орнотуу үчүн 15 мамычага , бардыгы болуп 5932 м2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер ээлеринин тарткан зыяндарынын ордун толуктоо боюнча тиешелүү мекемелер менен иш алып баруу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага: | К. Мусаев |