Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2020-жылдын 18-марты №119
Кызыл-Сеңир айылындагы таза суу скважинасын ээлеген жерди убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды таза суу менен камсыздоо багытындагы “Таза суу” программасын колдоп , Куршаб айыл өкмөтүнүн Шагым айылын таза суу менен камсыздоо үчүн Кызыл- Сеңир айылындагы Союз убагында курулган таза суу скважинасын пайдаланып туруу боюнча кайрылуусун талкуулап чыгып айылдык кенештин VI чакырылыш ХХVII кезектеги сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй
т о к т о м к ы л а т :
1. Кызыл- Сеңир айылындагы Союз убагында курулган таза суу скважинасына мамлекеттик акт жасоо жүргүзүлсүн жана Куршаб айыл өкмөтүнө убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Кызыл- Сеңир айылынан Куршаб айыл өкмөтүнүн жерлерине чейин таза суу түтүктөрүн реконструкциялоо жана жанылоону , жарандардын үлүш жерлерине маселе жаратпоо максатында С.Мусаев, А Мадумаров көчөлөрүнүн чети менен , Кызыл-Сенир айылына таза суу колонкаларын куруу келишими менен макулдук берилсин.
3. Куршаб айыл өкмөтүнүн жерлерине чейин тартылуучу таза суу түтүктөрүнөн келип чыгуучу зыяндар толугу менен Куршаб айыл өкмөтүнө жүктөлөрү белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ , аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Ж.Пасаңовко тапшырылсын.
Төрага: | К. Мусаев |