Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2020-жылдын 14-августу №122
Кызыл-Сенир айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Кызыл-Сенир айылындагы бала бакчанын имараты, элдин суроо талаптарын канаатандырбай, балдарын бала бакчага берүү боюнча кезеке тургандардын саны көбөйүп жаткандыктан, өзүнүн жеке турак үйүнө бала бакча ачуу боюнча Нурунбетов Балтахундун арызын жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушун талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХVIII кезектеги сессиясы
т о к т о м к ы л а т :
1. Нурунбетов Балтахундун Кызыл-Сенир айылындагы жеке турак үйүн бала бакчага ыңгайлаштырып ачууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт башчысы Э.Пасановко милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К. Мусаев |