Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
2020-жылдын 13-ноябры №126
Кочкор –Ата айылынын көчөлөрүнүн бирине Алашов Турдубайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин VI чакырылыш ХХIХ кезектеги сессиясы , Кочкор- Ата айылдык жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин жана айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй
т о к т о м к ы л а т :
1. Алашов Турдубайдын ысмы Кочкор – Ата айылынын Таш короо участкасындагы аты жок, К.Борубаев атындагы көчөдөн, Усөнбаев Акмат атындагы көчөгө чейинки көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип көрсөтмө тактайларды, үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Алашов Турдубайдын уул - кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кочкор – Ата айылынын айыл башчысы Мелис уулу Дастанга милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Мусаев |