Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун

2024-жылдын 1–февралы № 28/5

Өзгөн шаарында таза суу тарифине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-январындагы №1 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан мечиттерге 1 м3 таза суу тарифин 95 сомдон 37,06 сомго түшүрүүгө макулдук берилсин.

2. Бекитилген тарифтер боюнча элге түшүндүрүү иштерин алып баруу, Кыргыз Республикасынын Бааларды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги менен макулдашуу, 2024-жылдын 1-январынан ишке киргизүү Өзгөн-Таза-суу муниципалдык ишканасынын директору А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага А. Хасанов