КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын
2024– жылдын 30-январы № 22/2
Кара-Суу шаарынын 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын 2023-жылга бюджетинин кирешеси 104653,9 миң сомго бекитилген, 125815,3 миң сомго такталган, аткарылганы 136344,6 миң сом. Чыгашасы 138480,0 сомго бекитилген, 125815,3 миң сомго такталган, аткарылганы 128451,9 миң сом, анын ичинен 13347,0 миң сом 2022-жылдын калдыгы.
2. Кара-Суу шаарынын 2024-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 134725,1 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде: 12000,0 миң сом – атайын каражат.
3. Кара-Суу шаарынын 2024-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү тиркемелерде көрсөтүлгөн булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. 2024-жылга карата чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төлөмдөр, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
1) Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош кызмат орундарына жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн;
2) Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Ар кандай салыктар жана жыйымдар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетте калат. Шаар мэриясына жана бюджеттик мекеме жетекчилерине атайын каражаттарды казыналык системадан сырткары пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы шаардык бюджеттин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
6. Тармактар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Башкаруу тармагынын чыгымдары 19190,7 миң сом, анын ичинде:
- шаардык кеңештин эмгек акы 2112,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 270,0 миң сом, сапар чыгымдары 250,0 миң сом.
- шаар мэриясынын эмгек акы 10163,3 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 2120,0 миң сом, резерв фонду 1385,0 миң сом, сапар чыгымдары 445,0 миң сом
2) Шаардын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин чыгымдары 41252,8 миң сом, анын ичинен эмгек акы 5029,8 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 868,8 миң сом, жашылдандыруу жана формовкага 700,0 миң сом, портер 1488250, светофор сатып алууга 700,0 миң сом, түрдүү чыгымдар 3000,0 миң сом, майрамдарга даярдык 210,0 миң сом, департаменттин имараттар жана курулуштар беренесине 28119,5 миң сом.
Имараттар жана курулуштар беренесине каралган 28119,5 миң сом төмөндөгү иштерге каржылансын:
Юбилейный кичи шаарчасына сел өткөрүүчү канал тарабына аллея курууга 2 000 000
Тынчтык көчөсүнө асфальт төшөөнү аягына чыгаруу - 3 000 000
Х.Турсунов мектебинен темир жолго чейинки аралыкка түнкү жарыткыч орнотуу - 250 000
Бакиев көчөсүнө асфальт төшөөгө 1669500 Ж.Бөкөнбаев эс алуу багына трансформатор орнотууга 400 000
Нурахунов көчөсүнө лоток, түнкү жарыткыч орнотууга 3000 000
Панфилов көчөсүнө асфальт төшөп, лоток орнотууга 1500000
Түшкөн билдирүүлөрдүн негизинде шаардын ички көчөлөрүнүн жыртыктарын жамоого - 1000 000
Мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүгө - 1000 000
Таштанды таштоочу жайды тосууга 1500000
Манас стадионун айлампа жүгүрүүчү аянтына асфальт төшөөгө 3000000
Жол белгилерин сызууга 500000
Культурная көчөсүнө асфальт төшөөнү аягына чыгаруу - 2 000000
Нурахунов көчөсүндөгү мүрзөнүн сел өткөрүүчү арыгын тазалоого 250000
№134 негизги мектебине спорт аянтчасын курууга 1000000
№2 Мөлтүр булак столбанын электр зымдарын алмаштырууга 150000
Асанов көчөсүнө асфальт төшөөгө 2000000
Ж.Аматов көчөсүнө асфальт төшөөгө 2000000
Юбилейный кичи шаарчасындагы ачылып калган электр зымын жер үстүнөн тартып өтүүгө 200 000
Ж.Аматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдын көрктөндүрүү, жашылдандырууга 200 000
Юбилейный, Кушбаков, Ж.Аматов көчөлөрүндөгү жолдун боюндагы көп кабаттуу үйлөрдү актоо, сырдоо иштери үчүн 1 500 000
3) Коммуналдык тейлөөнүн чыгымдары 33185,3 миң сом, анын ичинен 16 кварталдык комитеттердин төрагаларынын, аксакалдар соту, аксакалдар кеңешинин эмгек акы 1080,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 186,3 миң сом, аксакалдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун төрагаларына материалдык жардам 30,0 миң сом, “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына катуу жана суюк таштанды алып чыгууну уюштурууга – 16980,0 миң сом субсидия, Кара-Суу Тазалык ижара акы – 800,0 миң сом, таштанды төгүүчү жайга ижара акы – 800,0 миң сом, кредиттин пайыздык төлөмдөрүн төлөөгө 5000,0 миң сом, “Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасына ичимдик суу түтүктөрүн алмаштырууга субсидия 1 250,0 миң сом, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздоого 300,0 миң сом, сибир жарасынын чордондорун залалсыздандырууга 50,0 миң сом, дем берүүчү грантка өздүк салым 6509,0 миң сом, техникалык көзөмөлгө 200,0 миң сом.
4) Маданият тармагына 2420,0 миң сом, анын ичинен кароосуз калган балдарга материалдык жардам – 600,0 миң сом, гендердик саясатка 422,0 миң сом.
5) Спорт бөлүмү Манас стадионунун чыгымдары 3330,4 миң сом, анын ичинен эмгек акы 861,7 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 148,7 миң сом, спорт оюндарын уюштурууга 200,0 миң сом, спорт оюндарынын сапар чыгымдарына 2000,0 жабдуу жана материалдарды сатып алууга -120,0 миң сом.
6) Мектепке чейинки мекемелеринин чыгымдары 9687,0 миң сом, анын ичинен тамак-аш сатып алууга 4975,0 миң сом.
7) Билим берүү мекемелеринин чыгымдары 11363,3 миң сом, анын ичинен дем берүүчү грантка өздүк салым 6347,8 миң сом.
8) Социалдык коргоо тармагы 2296,1 миң сом, мугалимдердин коммуналдык чыгымдары 600,0 миң сом.
7. Кара-Суу шаар мэриясы 2024–жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууда төмөндөгүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгерде бул шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдо бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесин өзгөртүүлөргө;
- керектүү учурларда бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу акча каражатын шаардык кенеште каралганга чейин шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетүүгө;
- кирешелердин болжолдонгон кирешелеринин ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен шаардын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- тиешелүү органдар тарабынан кабыл алган ченемдик актыларды кабыл алуудан келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети менен
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө;
- бекитилген планга тактоонун негизинде өзгөртүү киргизүүгө.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022–жылдын 30– апрелиндеги №240 токтомуна ылайык менчик жеңил автоуналарын кызматтык максаттарга пайдалангандыгы үчүн шаардын вице-мэрине сметада каралган күйүүчү майына каражат бөлүп берилсин.
9. “Балдарга ыңгайлуу шаар” долбоорунун алкагында келип түшкөн 1000,0 миң сом каражаты 70921 билим берүү бөлүмүнүн атайын эсеп счетунун 3112 беренесине каржылансын.
10. Ушул токтом 2024-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин, бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы XXII сессиясынын №22/2 токтомуна 1 тиркеме
|
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин штаттык саны жана эмгек акыларынын өлчөмү
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны | Эмгек акы өлчөмү |
1 | Директор | 1 | 22809,6 |
2 | Башкы адис | 1 | 30478,4 |
3 | Жетектөөчү адис | 2 | 19835,2 |
4 | Адис | 2 | 17001,6 |
5 | Чарба башчысы | 1 | 14361,6 |
6 | Электрик | 2 | 8025,6 |
7 | Айдоочу | 1 | 14960 |
8 | Күзөтчү | 1 | 10560 |
9 | Тазалоочу | 1 | 8800 |
10 | Багбан | 2 | 7040 |
11 | жумушчулар | 10 | 8800 |
| Баардыгы | 24 |
|
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын негизинде жетекчинин эмгек акысы мэриянын бөлүм башчысынын эмгек акысы менен теңештирилип, башкы адиске –башкы адистин, жетектөөчү адиске-жетектөөчү адистин, адиске –адистин эмгек акысы төлөнөт. Эмгек акысына иштеген жылдарына жараша үстөк пайыз төлөө, жумушка жөндөмдүүлүгү үчүн 10%, он үчүнчү эмгек акы төлөнүп берилет. Кичи тейлөөчү персоналдар менен техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” №433 токтомунун негизинде төлөнүп берилет.
Кара-Суу шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы А.К.Кебекбаева
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январындагы XXII сессиясынын №22/2 токтомуна 2 тиркеме
|
Кара-Суу шаарындагы дене тарбия, спорт бөлүмү муниципалдык ишканасынын штаттык саны жана эмгек акыларынын өлчөмү
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны | Эмгек акы өлчөмү |
1 | Директор | 1 | 26400 |
2 | Жетектөөчү адис | 1 | 17325 |
3 | Күзөтчү | 1 | 10560 |
4 | Тазалоочу | 1 | 8800 |
5 | Жумушчу | 1 | 8800 |
| Баардыгы | 5 |
|
Эскертүү: Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин эмгек акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы “Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” №185 токтомунун негизинде төлөнүп берилет.
Кара-Суу шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы А.К.Кебекбаева