Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын
2024– жылдын 30-январы № 22/5
Кара-Суу шаарындагы Савай көчөсүнүн атын
өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу шаарынын тургундарынын арызынын жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы Савай көчөсүнүн аты шаарга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген “Сатвалдиев Хасанбай” атындагы көчө деп атоого мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. “Сатвалдиев Хасанбай” атындагы көчөнү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы Сатвалдиев Хасанбайдын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |