КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 22/7
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2024-жылга иш-планын
бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планы бекитилсин. (тиркеме №1)
2. Иш-планда көрсөтүлгөн иш-чаралар мөөнөтүндө, кынтыксыз аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |
Кара-Cуу шаардык кеңешинин
2024-жылдын 30-январындагы
XХII сессиясынын №22/7
токтому менен бекитилди
КАРА-CУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2024-ЖЫЛГА
ИШ-ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер
| Мөөнөтү | Жооптуулар |
1. | Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2023-жылга жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылга карата экономикалык божомолу | I квартал
| Кара-Суу шаар мэриясынын, шаардык кенештин аппараты жана туруктуу комиссиясы |
2. | Кара-Суу шаарынын 2023-жылга бюджетин аткаруунун отчету | Кара-Суу шаар мэриясынын ФЭБ, туруктуу комиссия | |
3. | Кара-Суу шаар мэриясынын аппаратынын иш алып баруусу жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар | |
4. | Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин 2023-жылда аткарган иштери жөнүндө | Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору | |
5. | Кара-Суу шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча аткарылган иштер боюнча отчету | II квартал
| Кара-Суу шаар мэриясы, ММБ департаменти, «Кара-Суу тазалык» МИ |
6. | «Кара-Суу–Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө | Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын директору | |
7. | Кара-Суу шаарынын инфрастуктурасын жакшыртуу максатында чет элдик инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча алып барылып жаткан иштери жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, Кара-Суу – Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын директору, инвестиция боюнча башкы адиси | |
8. | Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармасынын башчысынын отчету | Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгы | |
9. | Кара-Суу шаарындагы мектептерде окуу тарбиялык иштеринин жана шашке тамактарынын уюштурулушу, жаш өспүрүмдөр арасына кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө | Вице-мэр соц.масел.башкы адиси Мектеп директорлору, ИДН, шаардык аймактык тескөөчүлөр, туруктуу комиссия | |
10. | Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2024-жылдын биринчи кварталындагы жыйынтыктары жана экинчи кварталына милдеттери жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ, туруктуу комиссиялар | |
11. | Кара-Суу шаар мэриясынын укук коргоо органдары менен бирдикте коомдук тартипти камсыз кылуу, укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук алдын алуу борборлорунун жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссия | |
12. | Кара-Суу шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдыгына милдеттери жөнүндө | III квартал | Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ, туруктуу комиссиялар |
13. | Мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин жаңы окуу жылына даярдыктары жөнүндө | Кара-Суу шаарынын мэриясы, туруктуу комиссиялар | |
14. | «Кара-Суу шаарынын калкынын жана экономика тармактарынын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктары жөнүндө» | Кара-Суу шаарынын мэриясы, туруктуу комиссиялар | |
15. | Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө | IV квартал
| Кара-Суу шаарынын мэриясы туруктуу комиссиялар |
16. | Кара-Суу шаарынын мэринин 2024-жылы аткарган иштери боюнча отчету | Кара-Суу шаарынын мэри | |
17. | Кара-Суу шаарынын мэриясынын 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө | Кара-Суу шаар мэриясы, ФЭБ, туруктуу комиссия | |
Уюштуруу-практикалык иш чаралар
| |||
18. | Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамына ылайык шаардын аймагында көрнөк-жарнактарды тартипке келтирүү иштерин жүргүзүү | дайыма | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
19. | Кара-Суу шаарындагы жаштар комитети, социалдык кызматкери менен биргеликте элдин ынтымагы, биримдигин даңазалаган маданий массалык иш чараларды өткөрүү | квартал сайын | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар
|
20. | Шаардагы билим берүү мекемелеринде окуучулардын билим алуусун сапаттык көрсөткүчүн жогорулатуу боюнча иш план түзүү | январь | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
21. | Мыйзамсыз курулуштар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жандандыруу | квартал сайын | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
22. | Өндүрүш процессине оперативдүү таасир тийгизүү максатында шаардын өнөр жай ишканаларынын иштерин талдоо жана мониторинг жүргүзүү | дайыма | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
23. | Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун туруктуу чараларын көрүүнү уюштуруу, тиешелүү чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу | дайыма | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
24. | Шаардын укук коргоо органдарынын коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин жыйынтыгын квартал сайын кароо | квартал сайын | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
25. | Кыргыз Республикасынын кесиптик майрамдарына жана даталуу күндөрүнө байланышкан иш-чараларды сапаттуу жана уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу | дайыма | Кара-Суу шаар мэриясы, туруктуу комиссиялар |
Кара-Суу шаардык
кеңешинин жооптуу катчысы А.К.Кебекбаева