Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясы

 

2024– жылдын 30-январы № 22/8

 

“Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”

Кара-Суу шаарынын төрагасы З.Эшмаматовдун сунушунун негизинде Кара-Суу шаарынын тургуну Жаанбаев Акылбек Апсатаровичке “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маселесин карап жана талкуулап шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.              Кара-Суу шаарынын тургуну, 2013-жылдан бери Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, бюджет комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Акылбек Апсатаровичке “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2.              “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүк жана төш белгисин даярдап тапшыруу шаар мэриясына жүктөлсүн.

 

3.              Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

З.К.Эшмаматов