Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 270 «Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 270
Кабыл алынган
2024-жылдын 28-майы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

Каттоо жана жарыялоо

Каттоо
№ 272 · 2024-жылдын 30-майы
Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 41 (3594) · 2024-жылдын 31-майы
Реестрде
2024-жылдын 31-майы

Реестрде

Редакциялар
2
Минюст коду
230006992

Минюсттун расмий барагы

Категория

Охрана природыРастительный мир

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 28-майы № 270

Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана көбөйтүү максатында, "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында өсүмдүктөрдүн төмөнкү түрлөрүн: макротомия (Macrotomia DC), арнебия (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L), афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch), родиола (Rhodiola L), самарканд өчпөс гүлү (Helichrysum maracandicum), Ольга жөө желими (Lindelofia olgae), узун мамычалуу жөө желим (Lindelofia macrostyla (Bunge), мамычалуу жөө желим (Lindelofia stylosa), Чимган жөө желими (Lindelofia tschimganica) ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого, жапайы өскөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш өсүмдүк сырьесун даярдоого 2027-жылдын 1-январына чейин убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 213 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө калкка маалымдоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-майындагы № 41 (3594) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У . Жапаров

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.