Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын кезексиз отуруму
2022-жылдын 2-февралы № 28
Суугат суу скважиналарын ишке киргизүү жөнүндө
Ала - Арча айыл аймагынын башчысы Г.Ниязованын маалымдамасын угуп жана талкуулап, Ала - Арча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Арча айыл аймагында жайгашкан №1894 жана №1895 скважиналарын ишке киргизүү боюнча план проектилери даярдалып Чүй облустук Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондуна тапшырылсын.
2. Скважиналарды ишке киргизүү боюнча демилгелүү топ түзүлсүн.
3. Чүй облустук Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун талабына ылайык 15% Ала-Арча айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет жана каржы боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Арча айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Мажитов |