Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын 9 отуруму
2022-жылдын 8-апрели № 31
Мамлекеттик фондундагы айыл чарба жерлери жөнүндө
Ала - Арча айыл аймагынын жер адиси Б.Суеркуловдун маалымдамасын угуп жана талкуулап, Ала - Арча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Арча айыл аймагынын мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин тактоо жана топтоштуруу максатында:
- №277 контурдагы жетпей калганына байланыштуу 8 га мамлекеттик айыл чарба жери №238 контуруна которулсун;
- №392 контурундагы 5 га мамлекеттик айыл чарба жери №238 контуруна которулсун;
- № 392 контурунда жайгашкан мамлекеттик фондунун айыл чарба 2 га жери ЭЭА “Бишкек” асфальт жол астында калганына байланыштуу №238 контурга которулсун;
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер, агрардык суроолор, архитектура жана укуктук тартип боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Арча айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Мажитов |