Редакцияот 08.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын 9 отуруму

2022-жылдын 8-апрели № 32

Ала-Арча айыл аймагынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгын аткаруу максатында Ала - Арча айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ала-Арча айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү тартиби жөнүндө жобо кабыл алынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү социалдык суроолор, билим берүү, саламаттык сактоо, дене-тарбия жана экология боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ала-Арча айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Мажитов