Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын 9 отуруму
2022-жылдын 8-апрели № 33
Жайыт акы боюнча төлөм ченемдерди бекитүү
Ала-Арча айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К.С.Осмоналиевдин жайыт акы боюнча төлөм ченемдерди бекитүү жана айып акы салуу жөнүндө карап чыгып, Ала – Арча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2022-жылга жайыт акынын төлөм ченемдери төмөндөгүдөй бекитилсин:
1.Бодо мал-100сом (1баш)
2.Кой,эчки-20сом (1баш)
3.Жылкы-100сом(1баш)
5.Бодо малга өз убагында төлөбөгөнү үчүн айып пул-200сом (1баш)
6.Кой,эчкиге өз убагында төлөбөгөнү үчүн айып пул-100сом (1баш)
2. Элдердин менчик жерлерине зыян келтирүүдө, мал ээсине төмөндөгүдөй айып акы салуу бекитилсин:
1. Жылкы-5000 сом(1баш)
2. Бодо мал-3000 сом (1баш)
3. Кой,эчки-1000 сом (1баш)
3. Жайыт жерлерин колдонуунун төлөм ченемдери төмөндөгүдөй бекитилсин:
1.Сугат жайыттарын өстүрүү- 1жыл (1га) -4000 сом
2.Кайрак жер- 1жыл (1га)-500 сом
3.Башка максаттар үчүн-1жыл (0,1 га) - 1000сом
4.Туризм,эс алуу максатында-1жыл (1га) - 5000сом
4. Ала-Арча айыл аймагынын жайыт жерлерине башка айыл өкмөттөрдүн малдарынын кирүүсү жана зыян келтирүүдө, мал ээсине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык 5500 сомдон – 7500 сомго чейин айып пул бекитилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Арча айыл аймагынын “Бузуулар” боюнча туруктуу комиссиясына жана Жайыт комитетине жүктѳлсүн.
Ала-Арча айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Мажитов |