Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын 9 отуруму
2022-жылдын 8-апрели № 34
Мал жандыктарды жайлоого жөнөтүү жөнүндө
Ала-Арча айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К.С.Осмоналиевдин ички жайыт боюнча жана мал жандыктарды жайлоого жөнөтүү жөнүндө карап чыгып, Ала – Арча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ала-Арча айыл аймагынын ички жайыттары саан уйларды жайуу үчүн гана пайдаланылсын.
2. Саан уйлардан башка (бодо мал, жылкы, кой, эчки) малдар жайлоого жөнөтүлсүн
3. Жайлоого жөнөтүлбөгөн саан уйлардан башка, ички жайыттарда жүргөн малдын ээлерине айып пул салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Арча айыл аймагынын “Бузуулар” боюнча туруктуу комиссиясына жана Жайыт комитетине жүктѳлсүн.
Ала-Арча айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Мажитов |