Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын кезексиз отуруму
2022-жылдын 10 - августу № 43
Жардам көрсөтүү жөнүндө
2022-жылдын 8-августунда болуп өткөн жаан – чачын жана катуу шамаалдын кесепетинен Ала-Арча айыл аймагына караштуу Мраморное айылында жайгашкан турак жайларды жана кошулма курлуштардын ар-кандай деңгээлде жабыркагандыгына байланыштуу Ала-Арча айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2022-жылдын 8-августунда болуп өткөн жаан–чачын жана катуу шамаалдын кесепетинен жабыркаган, Мраморное айылында жайгашкан туракжайларды жана кошулма курулуштардын чатырларын жапканга, үй ээлерине шифер менен жардам көрсөтүлсүн;
2. Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысына (Г.Э.Ниязова) жабыркагандардын тизмесине ылайык шифер сатып алынып, таратылып берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү социалдык суроолор, билим берүү, саламаттык сактоо, дене-тарбия жана экология боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Арча айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Мажитов |