Загрузка документа…
АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын кезексиз отуруму
2022-жылдын 14 - сентябры № 46
Жергиликтүү жааматтын курултайын өткөрүү, жумушчу комиссиясын түзүү жана бекитүү жөнүндө
“Элдик Курултайдын” делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жааматтын курултайын өткөрүү жана жумушчу комиссиясын түзүү, бекитүү жөнүндө, Ала - Арча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Жергиликтүү курултай” 2022-жылдын 05-ноябрында саат 10-00дө Мраморное айылынын клубунда өткөрүлсүн;
2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын чогулушу 19-октябрь күнү саат 15:00 дө Мрамоное айылынын клубунда өткөрүлсүн;
3. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун төмөнкү курамы бекитилсин:
· Мажитов Н.Б. - айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу комиссиясынын төрагасы;
· Осмонова Ч.А. - айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу комиссиясынын катчысы;
Жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү:
· Сулейманова З. – айылдык кеңештин депутаты;
· Жумакадыров А. - айылдык кеңештин депутаты;
· Чечейбаева Б.А. - айылдык кеңештин депутаты, Мраморное айылынын клубунун жетекчиси;
· Исабекова С.И. – Мраморное ФАПнын жетекчиси;
· Кожобергенов Н.- жаштар комитетинин мүчөсү;
4. Бул токтомдун аткарылышы өз көзөмөлүмдө болот.
Ала-Арча айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Мажитов |