Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

2024-жылы 2-апрели №3

 

“Намаздык-Ата жана Килем – Ата жайыттарынын

чабандарына мал-койлорду багуу үчүн

акысын бекитүү жөнүндө”

 

2009-жылдын 26-январы № 30 Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамына ылайык, Бүргөндү - Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Намаздык-Ата жана Килем-Ата жайыт комитетинин төрагаларынын маалыматы жана чабандардын, айыл тургундарынын сунуштары эске алынсын.

2.Бүргөңдү - Достук айыл аймагыбыздагы чабандарга, жайлоодо мал-койлорду бакканы үчүн элдердин төлөмдөрү 3 жыл мөөнөтүндө 1 айына төмөнкүдөй бекитилсин:

а) кара мал, жылкы бир баш үчүн – 700 сом,

                 б) кой, эчки бир баш үчүн – 150 сом,

 

3.Чабандарга жоготкон мал жандыктарын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.

 

4.Чабан менен мал ээсинин ортосунда келишим түзүлүп, жогорудагылар келишимде эске алынсын.

 

5.Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жайыт комитетинин жетекчилерине жүктөлсүн.

 

6.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

7.Көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов.