БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
2024-жылы 10-май №10
“Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын
10-майындагы № 01-16/760 сандуу каты жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29- декабрындагы ПЖ № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде бириккен Бүргөндү – Достук айыл аймагынан Достук айыл аймагын жана Таш-Көмүр шааарынын Теңдик аймактык башкармалыгынын Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай, Кашкулак-Сай айылдарын бөлүү жөнүндө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 10-майындагы № 01-16/760 сандуу катынын негизинде, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, угуп жана талкуулап, Бүргөндү –Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү – Достук айыл аймагынан мурунку Достук айыл аймагын жана Таш-Көмүр шааарынан өткөн Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай, Кашкулак-Сай айылдарын кошуп, бөлүп чыгаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасынан суралсын.
2. Жаңы түзүлгөн карталарга Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы жана Бүргөндү – Достук айылдык кеңешинин төрагасына кол коюу милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен районунун мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов. |