КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 22-майы № 257-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Барскоон - Үчтурфан - Аксу автомобиль жолунун "Барскоон - Кара-Сай - Бедел" участогунун курулуш иштерин жүргүзүү боюнча башкы заказчы болуп аныкталсын.
2. Кара-Сай чек ара заставасынан № 6 чек ара мамысына чейинки узундугу 60 км ведомстволук автомобиль жолунун участогу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- жогоруда аталган автомобиль жолунун курулушу башталганга чейин убактылуу өтүүнү камсыз кылсын;
- жогоруда аталган автомобиль жолун долбоорлоо жана курулуш процесстерин айкалыштыруу жолу менен курууну жүзөгө ашырсын;
- оңдоо-курулуш иштери аяктагандан кийин ушул тескеменин 2-пунктунда көрсөтүлгөн автомобиль жолунун участогун белгиленген тартипте оперативдүү башкарууга кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жогоруда аталган автомобиль жолунун участогун реконструкциялоо долбоорунун шаар куруу жана долбоорлоо документтеринин талаптарына ылайык тиешелүү жол-жоболорду өз убагында ишке ашырууга көмөк көрсөтсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |