Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

2024-жылы 19-апрели №8

 

“Бүргөндү-Достук айыл аймагынын

административдик чек арасынын схемалык картасы

жана ага тиркелген чек ара баяндамасын бекитүү жөнүндө”

           

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагынын Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Бүргөндү-Достук айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.12.2023-жылдын № 370 Жарлыгынын 3 пункутунун 4-бөлүмүнүн жана 2-тиркемесинин негизинде Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз № IV сессиясы төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Бүргөндү-Достук айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2.Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин төрагасына жана Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысына схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

3.Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов.