Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 13-октябры  №25/5-8

Кара-Көл шаарынын экономикалык пландаштыруу зоналары жана аларга 2022-2024-жылдарга жер салыгын салуу үчүн коэффициенттерди (К3) белгилөө жөнүндө

 

       Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын башчысы А.П.Амирбековдун кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.А. Мамытканованын билдирүүсүн   угуп  жана  талкуулап  чыгып, Кара-Көл  шаардык кеңешинин  кезектеги  V  сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1.            Кара-Көл шаарындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланууда экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө  жараша төмөндөгүдөй зоналарга бөлүнөөрү бекитилсин:

       I зона:   Кара-Көл   шаарынын    Ак-Кыя,  Канат, Ак-Шар, Чоң-Таш,  Кайыңды,

       Жээн-Кыштоо, К.Кулданбаев, Ак-Таш көчөлөрү;

II зона: I зонада каралбаган Кара-Көл шаарынын көчөлөрү;

III зона: Ош-Бишкек жолунун жол огунан 100 метр аралыкта жайгашкан соода-сатык объектилери, коммерциялык негиздеги тейлөө ишканалары жана коомдук тамактануу жайлары;

            IV зона: Жазы-Кечүү аймагынын цемент заводуна караштуу жерлер (49,24га)

V зона: Кетмен-Төбө, Жазы-Кечүү аймагындагы жерлер (III-IV зоналарында көрсөтүлгөн аймактардан сырткары)

2. Кара-Көл шаарында калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн 2022-2024-жылдарга жер салыгын төлөөдө экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша жер салыгынын төмөндөгүдөй коэффициенттери  (К3) бекитилсин:

I зона-0,6;  II зона-1,2;  III зона-1,2; IV зона-1,2; V зона-0,4

3. Короо жай жана багбанчылык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэффициенттери (К3) 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

4. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мамлекеттик салык кызматынын    Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (А.П.Амирбеков), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына  (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э. Р. Ашыралиев