Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

2024-жылы 19-апрели №5

 

“Муниципалдык менчик жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу, жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө”

           

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23- сентябрындагы №571 токтомуна ылайык, Муниципалдык менчик жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу, жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун муниципалдык менчик жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу, жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын түзүү жана бекитип берүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.

 

2.Муниципалдык менчик жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу, жерге укуктуу берүү боюнча комиссиясы төмөндөгү курамда комиссия тиркемеге ылайык түзүлсүн.

 

3.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин

XХVIII чакырылышынын кезексиз

IV сессиясынын № 5

токтомунун тиркемеси

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23- сентябрындагы №571 токтомуна ылайык, Муниципалдык менчик жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу, жерге укукту берүү боюнча комиссия курамы:

 

-Абдышов Нурбек-Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

- Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү;

- Жер ресурстары кызматынын Ноокен филиалынын өкүлү;

- Иманалиев Азимжан-айыл башчы;

-Абдуразак уулу Белек-айыл башчы;

-Умаров Абдусаттар-айыл башчы;

-Мураталиев Тохтомамат-айыл башчы;

-Мырзакматов Нургазы-айылдык кеңештин депутаты;

-Абдурашит уулу Эламан-айылдык кеңештин депутаты;

-Жээнбаев Асылбек-айылдык кеңештин депутаты;

-Киргизов Абдусамат-айылдык кеңештин депутаты;

-Ахмедова Мукарамхон-айылдык кеңештин депутаты;

-Маматаев Сагынбек-айылдык кеңештин депутаты;

-Абдиев Аширбек-айылдык кеңештин депутаты;

-Мамажанов Умиджон-айылдык кеңештин депутаты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов.