Редакцияот 16.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-майы № 2077-VII

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө

"Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

1. А.А.Козуев - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

2) Рустамбек уулу Советбек - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;

3) Ш.Мажитова - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;

4) Э.К.Абакиров - "Альянс" парламенттик фракциясынан;

5) Г.А.Кожокулова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;

6) Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;

7) А.Д.Таштанбеков - "Элдик" депутаттык тобунан.

2. "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссиянын курамын жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешине коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана мүчөлөрдү тандоону жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 3456-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо жана тандоо жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия тууралуу жобону бекитүү жөнүндө";

2) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

      Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Дж.К. Исаева