БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылы 19-апрели №3
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин тиешелүү беренелерин ишке ашыруу максатында комиссия курамын
түзүү жана бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин тиешелүү беренелерин ишке ашыруу максатында, комиссия курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун КР Укук бузуулар кодексинин тиешелүү беренелеринин айыл аймагында ишке ашыруу максатында комиссия түзүү жана бекитип берүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин тиешелүү беренелерин ишке ашыруу максатында төмөндөгү курамда комиссия тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов. |
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын № 3 токтомунун тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин тиешелүү беренелерин ишке ашыруу максатында комиссия курамы:
-Абдышов Нурбек-Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
-Абдулла уулу Баяман-Жер маселелери боюнча башкы адис;
-Усен уулу Чынгыз-Жер маселелери боюнча жетектөөчү адис;
-Иманалиев Азимжан-айыл башчы;
-Абдуразак уулу Белек-айыл башчы;
-Умаров Абдусаттар-айыл башчы;
-Мураталиев Тохтомамат-айыл башчы;
-Молдокеримова Бермет-айылдык кеңештин депутаты;
-Мадалиев Нуралы-айылдык кеңештин депутаты;
-Чолпонкулова Гулназ-айылдык кеңештин депутаты;
-Сейитова Багдагүл-айылдык кеңештин депутаты.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов. |