Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

2024-жылы 19-апрели №2

 

“Муниципалдык ишкана ачуу боюнча макулдук берүү жана кээ бир

жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жөнүндө”

           

Муниципалдык ишкана ачуу боюнча Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровдун сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 65 беренесине, “Мамлекеттик мүлк жана муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 16 беренесине ылайык Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Бүргөндү-Достук айыл аймагында муниципалдык ишкана ачуу боюнча макулдук берилсин.

-турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жыйноону утилдештирүүнү уюштуруу

-калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү

-жайыт жерлерин башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу

-ички чарбалык ирригациялык системаларды пайдалануу, сугат жерлерине ээлик кылган жана пайдланган адамдарга келишимдик шарттарда сууну эксплуатациялоо, күтүү жана бөлүштүрүү

-жалпы пайдалануудагы жерлерди натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу

- калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун, жарыктандыруулардын иштешин камсыз кылуу

-коомдук пайдалануу жерлерди көрктөндүрүу жана жашылдандыруу

-парк, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайынын иштешин камсыздоо, эс алуу үчүн шарттарды түзүү

 

2.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтү:

 

-муниципалдык ишкананын уюштуруучусу катары   чыгууга ;

- муниципалдык ишкананын уставын иштеп чыгуу жана бекитүү;

-юстиция органынан белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү;

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана финансы боюнча айылдык кенештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов.