Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXX чакырылышынын XXXVI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 30/36-1
Чолпон-Ата шаарынын схематикалык картасы жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл райондук бөлүмү тарабынан түзүлгөн Схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарынын административдик чек арасынын схематикалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Шайыбек-Ата айыл аймагынын депутаттары менен жайыт жерлеринин чек араларын такташуу жагы шаардык кеңештин “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жана Чолпон-Ата шаарынын мэрине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага Б.Бакиров