ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттарынын XXX чакырылышынын XXXVI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 30/36-2
Муниципалдык менчиктеги 34 га жер тилкеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30 –январь ПЖ № 10 Жарлыгынын негизинде турак жай куруунун көлөмүн көбөйтүүгө, ипотекалык кредит берүү шарттарын жакшыртуу максатында “Муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 18, 34-беренелерин жетекчилике алып:
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата шаарынын Аэропорт көчөсү №20 к дарегинде орун алган инн 2-03-05-0001-6358 муниципалдык менчиктеги 34 га жер тилкесин Чолпон-Ата шаарынын башкы планына, Чолпон-Ата шаардык кенеши тарабынан бекитилген Чолпон-Ата шаарынын “Жер пайдалануу жана курулуш боюнча жобосуна ылайык, көп кабаттуу турак жайларды, социалдык объектерди долбоорлоо жана куруу максатында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Чолпон-Ата шаардык мэриясына, “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому менен биргеликте, шаардын тургундарына ипотека аркылуу турак жай берүү, курулуштар бүткөндөн кийин кайра кайтарып берүү шарттарын аныктоо тапшырылсын.
3. Курула турган батирлерден Чолпон-Ата шаарынын турак-жай куруу үчүн жер тилкесин алууга кезекте турган жарандарга биринчи кезекте берилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Бакиров