Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 29-ноябры № 8/4
Кочкор айыл өкмөтунүн коомдук алдын алуу борборунун (КАБ)
Уставын жана анынкеңешин, планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнyн 2015-жылдын 27-октябрындагы “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнундө” №747 токтомуна ылайык Кочкор айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун Уставы жана анын кеңеши боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айыл өкмөтунун коомдук алдын алуу борборунун Уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Кочкор айыл өкмөтүнүн сунуштаган коомдук алдын алуу борборунун кеңеши 2 жылдык мөөнөткө 2-тиркемеге ылайык бекитилсин
3. Коомдук алдын алуу борборунун стратегиялык планы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин
4. Коомдук алдын алуу борборунун ишмердүүлүгүн жобого ылайык уюштуруу Кочкор айыл өкмөтунун башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | Э.Э. Эшмукамбетов |
Кочкор айыл өкмөтүнун КААБнун Уставы
жана КААБнун кеңешинин курамы Кочкор айылдык
кеңешинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы №8/4
токтому менен бекитилген.
1- Тиркеме
Кочкор айыл өкмөтүнун коомдук алдын алуу борборунун
Уставы
1. Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КАБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында Кочкор айыл өкмөтунүн административдик аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.
2.КАБнун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “ Кочкор айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борбору”.
- расмий тилде: “Общественно-профилактический центр Кочкорского айыл окмоту”.
3. КАБнун уюмдаштыруучусу болуп Кочкор айыл өкмөтүэсептелинет. Айылдык кеңеште КАБун эсепке алып, каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып өзүнүн статусун алат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБу юридикалык жактын – коммерциялык эмес уюмдун статусун алууга да укуктуу. Юридикалык жак болгондон кийин мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы болот.
4. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
5. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
6. КАБнун юридикалык дареги: Кочкор айылы
7. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын - Кеңешинин юридикалык дареги: Кочкор айыл өкмөтү, Шамен көчөсү, 36
2. КАБдын максаттары жана милдеттери
8. КАБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).
10. КАБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- шаардын курамына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;
- өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11. КАБдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КАБдын укуктары жана милдеттери
12. КАБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;
- зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;
- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;
- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары - ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КАБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
- КАБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КАБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. КАБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Айылдын аймагында туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КАБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. КАБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КАБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КАБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- КАБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- КАБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. КАБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- КАБдын Уставын сактоого;
- КАБдын ишине катышууга;
- КАБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
- КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КАБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КАБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- КАБдын мүчөсү каза болгондо;
- КАБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- КААБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5. КАБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. КАБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;
- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын түзүү тартиби;
- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жоюу;
- башка маселелер.
25. КАБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26. КАБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КАБдын Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) саналат, ал КАБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.
28. Кеңештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.
29. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КАБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.
30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү;
- ЖӨБОнун жана КААБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
- КАБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.
32. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
33. КАБдын Кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- КАБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
- банктарда эсептерди ачуу жана КАБдын каражаттарын тескөө;
- КАБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
37. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
38. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт .
40. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, активдүү коммуникациялык байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
41. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КАБдын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. КАБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КААБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда КАБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык-контролдоочу органы
46. КАБдын финансылык жана чарбалык ишин КААБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.
47. КАБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
49. КАБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
9. КАБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү
50. КАБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:
- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.
51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КАБга өткөрүп берүүгө укуктуу.
52. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КАБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
54. КАБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш
Кочкор айыл өкмөтүнун КАБнун Уставы
жана КАБнун кеңешинин курамы Кочкор айылдык
кеңешинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы №8/4
токтому менен бекитилген.
2-Тиркеме
Кочкор айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү
№ | кызматкерлер | колу |
Кочкор айыл өкмөт башчысынын орун басары | төрагасы | |
Кочкор а/ө юридикалык маселелер боюнча башкы адис | катчысы | |
Кочкор а/ө социалдык маселелер боюнча башкы адис | мүчөсү | |
Тендик айыл башчысы, | мүчөсү | |
Большевик айыл башчысы, | мүчөсү | |
Кочкор участкалык инспектор, | мүчөсү | |
Большевик участкалык инспектор, | мүчөсү | |
Тендик участкалык инспектор, | мүчөсү | |
Аксакалдар Соту | мүчөсү | |
Аксакалдар Соту | мүчөсү | |
Аксакалдар Соту | мүчөсү | |
имам | мүчөсү | |
Жаштар кенеши | мүчөсү | |
Жаштар кенеши | мүчөсү | |
Жаштар кенеши | мүчөсү | |
Алдар кенеши | мүчөсү | |
Аялдар кенеши | мүчөсү |
Кочкор айыл өкмөтүнун жооптуу катчысы С.Чоргоева
Кочкор айылдык кенешинин кезектеги VIII сессиясынын 2021-жылдагы № 8/4 токтому менен бекитилген.
3-тиркеме
Кочкор айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун
СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНДЫ ИШКЕ АШЫРУУ ПЛАНЫ
№ | Максаттар | Тапшырмалар | Иш чаралар | Мөөнөттөрү | Жооптуулар | Болжолдуу бюджети (сом) | Болжолдуу каржы булактары |
1 | Кочкор айыл аймагынын жаштары жергиликтүү бийликтин өнүгүүсүнө өз салымын кошушуп, ой-демилгелерин көтөрүшөт. | 1.1. Жаштарды Айыл аймагында болуп турган баардык кабыл алуу жана аткаруу процестерине катышуусунун механизимдери иштелип чыккан. | 1.1.1. Жаштар тарабынан жергиликтүү аймактын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн кварталына кеминде 1 (бир) жолу) жыйналыш, тегерек стол уюштуруп, кандай маселе болбосун биргелешип чечүү зарыл
1.1.2. Жаштар бюджеттик угууларга дардануу жана катышуу
1.1.3. Жергиликтуу кенештин ачык сессияларына катышуу
1.1.4. Жаштардын саясатына тиешелуу суроолорду жаштардын катышуусу менен кабыл алуу жонундо АК чечимин кабыл алууга комок корсотуу
| 2021-2022ж.
Жылына 2 жолу
Кварталда 1 жолу
2021-2022-жыл | Жаштар уюмунун төрагасы/ Жумушчу топ
Жаштар борборунун лидерлери Жаштардын лидерлери, ЖУ торагасы
Жаштар борбору, жана жаштар уюмдары | 100 000 сом
акысыз
(акысыз)
(акысыз) |
Айыл өкмөтү/ Донорлор |
|
| 1.1. Айыл аймагында жашаган жаштардын жарандык билим сапатын жакшыртуу менен патриоттук аң-сезимин өстүрүү.
| 1.1.1. Жаштар учун жарандык билим боюнча курстарды, окутууну уюштуру жана семинарларга катышуу
1.1.2. Жаштар арасында конкурстарды, сармереден, акыл-ордо оюну, спартакиадалары уюшутуруу | Дайыма
Жылына 3 жолу | Жаштар Уюму
Жаштар уюму, мектеп парламенти, Мектептин администрациясы, ата-энелер | 200 000 сом
300 000 сом | Айыл өкмөтү, донорлор
Айыл өкмөтү/ донорлор, жеке спонсор/ ата-эне |
2 | Жаштардын бош убактысын, сергек жашоого, маданият иш чараларга кызыгуусун артыруу үчүн пайдалуу шарттар түзүлгөн |
2.1. Сейил парктан жаштар учун ижарага жер беруу жана Жаштар инновациялык паркын ачуу
|
2.1.1. Сейил паркынан Жаштар инновациялык паркы үчүн ижарага жер бөлүп берүү.
2.1.2. Паркты жасоо үчүн донорлорду табуу (гранттык долбоорлорду жазуу)
2.1.3. Жаштар Паркын жакшыртуу жана ишке ашыруу үчүн бардык күч аракеттерди жумшоо (донор, инвестиция тартуу).
2.1.4. Жаштар паркын ачуу боюнча атайын коомдук угуулар уюштурулуп, ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүү.
2.1.5. Эс алуу паркына жооптуу адамдарды шайлап алуу
|
2022-2023- жыл ичинде. | Жумушчу топ
Жаштар уюмунун төрагасы/ Жумушчу топ
|
Жалпы сумма 350 000 сом |
Айыл өкмөтү/ Донорлор/Гранттык долбоолор аркылуу |
|
| 2.2. Жаштар арасында Сергек жашоону, маданий иш-чараларды, спорт тармагын колго алуу. | 2.2.1. Жаш-өспүрүмдөр үчүн менталдык арифметика боюнча курсту ачуу, № 15 кесиптик лицей менен келишим тузуп кыска мооноттуу тил уйротуучу, заманбап кесиптерди уйротуучу курстарды ачуу
2.2.2. Жаштар учун тил курстарды ачуу.
2.2.3. Жаштар үчүн музыкалык аспаттар , чыгармачылык жана кол-өнөрчүлүк кружокторду уюштуруу
2.2.4. Спорт оюндарды жана мелдештерди уюштуруу жана райондун спорт чеберлерин катыштыруу
2.2.5. Жаштар арасында сергек жашоо боюнча тренинг, викторина, флешмоб откуруу
2.2.6. Айыл аймагынын мектептеринде футбол оюунун уюштуруу | 2022-2023-жыл аралыгында
2019-2021-жыл аралыгында
|
Айыл өкмөтү/Жаштар уюмунун төрагасы | 100 000 сом
100 000 сом
20 000 сом
50 000 сом
150 000 сом
100 000 сом
100 000 сом | Айыл өкмөтү/ Донорлор/Гранттык долбоолор аркылуу
Гранттык долбоолор аркылуу |
3 | Жаштар борбору айыл аймагында жашаган жаштардын саясатын алдыга жылдырууда жигердүү куч болот. | 3.1. Жаштар уюмунун потеницалы жогорулады . (кабыл алуу иштери, лидерлик, Айыл өкмөтү менен тыгыз иш алып баруу, иш аракеттерди пландаштыруу ж.б.)
| 3.1.1. Жаштар борборунун курамын түзүү
3.1.2. Жаштар борборунун жобосун жана иш-чара планын иштеп чыгуу
3.1.3. Жаштар борборунун лидерлерин GIZ курстар аркылуу окутуу
3.1.4. Жаштар борборунун негизинде жаштар учун иш-чараладры уюштуруу |
2022-жылдын ичинде | Жумушчу топ
Жумушчу топ |
Жалпы сумма 100 000 сом |
АО/ Донорлор/ Гранттык долбоолор аркылуу |
|
| 3.2. Айыл аймагын өнүктүрүү үчүн жаштардын демилгелерине колдоо көрсөтүү.
| 3.2.1. АК депутатары менен маек тузуп жергиликтуу бюджеттен, жаштардын саясатына каражат болдуруу
3.2.2. Жаштардын долбоордук идеяларын, демилгелерин дайыма талкулоо жана тандоо боюнча эрежелерди иштеп чыгуу
|
|
|
|
|
4 | Айыл аймагында гендердик теңдикти колго алуу менен жаштар арасындагы экономикалык туруктуулуктун өнүгүүсүнө шарт түзүү. | 4.1. Жаштар арасында экономикалык туруктуулук боюнча ар тараптуу иш чараларды уюштуруу жана шарттарды түзүп берүү
| 4.1.1. “Экономикалык өнүгүү” боюнча окууларды өз убагында уюштуруп туруу
4.1.2. Тренинг, семинарларды уюштуруу
4.1.3. Ийгиликтуу бизнесси бар жеке ишкерлер менен жолугушууларды уюштуруу жана алрга уйротуу учун жаштардан талапкерлерди алуусун ишендируу |
2021-2022- жылдар аралыгы |
Жумушчу топ/ Жаштар уюму/ Жаштар уюмунун төрагасы |
Жалпы сумма 50 000 сом |
АО/ Жергиликтүү бюджет/ Гранттык долбоорлор аркылуу |
|
| 4.2. Жаштар уюмунун туруктуулугун бекемдөө үчүн фонд ачуу | 4.2.1. Донорлор, бизнесмендер менен сүйлөшүү
4.2.2. Чет жерлерде иштеп жүргөн мигрант жердештер менен байланыш түзүү |
2020-жыл ичинде |
Жумушчу топ/ Жаштар уюму/ Жаштар уюмунун төрагасы |
30 000 сом (фондко тушкөн акча каражатынан) |
АО/ Жергиликтүү бюджет/ Жаштар тарабынан фондко төгүүчү сумма.. |
Жооптуу катчы С.Чоргоева