БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылы 19-апрели №1
“Намаздык-Ата жана Килем – Ата жайыт комитеттеринин чабандарга болгон жайыт акысын бекитүү жана чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө”
2009-жылдын 26-январы № 30 Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамына ылайык, Намаздык-Ата жана Килем-Ата жайыт комитеттеринин чабандарга болгон жайыт акысын бекитүү жана мал жандыкты алууда чектөөнү киргизип берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Бүргөндү-Достук айылдык кеңеши XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Намаздык-Ата жана Килем-Ата жайыт комитетинин төрагалары А.Халиев, К.Тагаевдердин маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекилсин: бир мезгилге жогорку жана жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү:
а) жылкы бир баш үчүн – 300 сом;
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 150 сом;
в) кой,эчкибир баш үчүн – 40 сом.
- Жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү:
а) жылкыбир баш үчүн – 150 сом;
б) иримүйүздүү мал бир баш үчүн – 80 сом;
в) кой,эчкибир баш үчүн – 20 сом.
-Башка райондордон келген чабандар жогорку жайытты пайдалангандар үчүн:
а) жылкы бир баш үчүн– 300 сом;
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн– 150 сом;
в) кой,эчки бир баш үчүн – 40 сом.
-Тай, торпок, козу-улактарга бир баш жандыкка көрсөтүлгөн өлчөмдүн
50 % бекитилсин:
а ) тай бир баш үчүн-150 сом;
б ) торпок бир баш үчүн-80 сом;
в ) козу-улак бир баш үчүн-20 сом.
3.Жайыттарды сактоо максатында жайыт пайдалануучуларына төмөндөгүдөй өлчөмдө чектөө киригизилсин:
-Майда жандык баккандар үчүн 800(сегиз жүз) баш;
-Кара мал баккандар үчүн 200(эки жүз) баш;
-Кара мал жана майда жандык баккандар үчүн 750 (жети жүз элүү) баш майда жандык, 50 (элүү) баш кара мал;
4. Жайлоого көчүү графиги төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин;
-1-июндан чоң жайлоого көчүү.
5.Улуу жайлоого көчүү графигин сактабаган чабандарга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чара көрүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышы камсыз кылуу жагы Намаздык-Ата жана Килем – Ата жайыт комитеттеринин төрагаларына жүктөлсүн.
7.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов. |