Редакцияот 04.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын  кезектеги III сессиясы

 

2021-жылдын 4-августу №3/3

1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Башат айылына үстү  жабык типтеги,  Жаңы-Шаар, Ажек   айылдарына стандарт типтеги жасалма газондуу мини футбол аянтчасын куруу жөнүндө

 

            Ак-Башат айылына үстү жабык типтеги, Жаңы-Шаар, Ажек айылдарына стандарт типтеги жасалма газондуу мини футбол аянтчасын “ПОВТиСА” жоопкерчилиги чектелген коомуна толугу  менен  куруп берүүгө беруу жөнүндө, 1-Май айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын  2021-жылдын кезектеги  III сессиясы

 

                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1.            1-Май айылына караштуу Ак-Башат айылына үстү жабык типтеги, чек ара тилкесинде жайгашкан  Жаңы-Шаар жана  Ажек айылдарына жаштар үчүн стандарт типтеги жасалма газондуу мини футбол аянтчасын куруп берүү жагы айыл Өкмөтүнүн, айылдык Кеңештин колдоосу менен макулдашылды жана  бул спорт аянтчаларын “ПОВТиСА” жоопкерчилиги  чектелген  коомуна толугу  менен куруп  беруу жагы сунушталсын.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.

 

3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын    ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

 

4. Бул   токтомдун  аткарылышын жана  көзөмөлдөө жагын  өзүмө  калтырам.

 

 

Төрага

 М.Кулуев