1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 4-августу №3/4
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнө караштуу “Чапчыма” кенинин Юго-Западный участкасын “ПОВТиСА”жоопкерчилиги чектелген коомуна иштетүүгө уруксат берүү жөнүндө
1-Май айыл аймагына тиешелүү болгон “Чапчыма” кенинин Юго-Западный участкасын “ПОВТиСА” компаниясына иштетүүгө уруксат берүү максатында, айыл Өкмөтүнун 1-Май айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен 1-Май айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын 2021-жылдын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”ПОВТиСА”жоопкерчилиги чектелген коомуна 6661АЕ лицензиянын мөөнөтү менен “Чапчыма”кенинин Юго-Западный участкасын 2 жылга 3.1гектар жер аянтын убактылуу иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарын толук сактоо рекультивация фондун ачуу, жана социалдык пакет үчүн келишимдерди түзүү талаптарын орундатуу менен уруксат берилсин.
2. “ПОВТиСА” жоопкерчилиги чектелген коомуна социалдык кызматташуу Меморандумунун долбоору (Жаны-Шаар,Совет-Сай, Ак-Башат айылдарына жасалма газондуу кичи футбол аянттарын куруп,өткөтуп берүү) 2021-2022-жылдарга карата бекитилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.
5.Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | М.Кулуев |