БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жылы 31-январы №1
“Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча отчёту, 2024-жылга карата иш-планын жана шаардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-, 117-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алуу менен, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика жана ички сырткы инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХVII -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаардык мэриясынын 2023-жылдагы бюджетинин аткаруусу боюнча отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2. Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылга карата аткара турган иш-планы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
3. Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылга карата бюджетинин долбоору 162210,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
5. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага:
| К.Анарбеков. |