Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын

2024-жылы 31-январы №6

 

““Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө”

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин, 34-беренесин аткарууга алуу менен, 24.01.2024-жылы №07 чыгыш саны менен катталган Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы токтом кылат:

 

1.    Базар-Коргон шаарындагы турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловго жүктөлсүн.

3.    Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага:

К. Анарбеков.

 

 

 

 

 

 

 

№1-тиркеме

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин

I-чакырылышынын 31.01.2024-жылдагы

кезектеги XXVII-сессиясынын № 6-токтому

менен бекитилген.

.

 

 

Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтери

 

Абоненттердин категориясы

Метр куб

Сом/м. куб

ӨЛЧӨӨ

ТӨЛӨМ сом

№

(жылдык)

(жылдык)

бирдиги

айга

жылдык

Базар-Коргон шаарынын тургундарына

1

Жергилүүктүү жашоочулар

0,7

520

жан

башына

30

360

Административдик ишканалар

1

Мекеме уюмдар

0,65

520

1 кызматк(

28

338

Соода сатык тармагы

1

Базарлар, курулуш базарлары,

0,8

520

1-кв метр

35

416

2

Өнөр-жай, дүр-дүйнө дүкөндөрү, соода борборлору, чоң жана маркеттер

0,5

520

1-кв метр

22

260

Транспорт тармагы

1

Автоунаа бекеттери

0,5

520

 

22

260

Кызмат көрсөтүү тармагы

1

Кафелер, ресторандар, ашканалар, барлар

0,5

520

1-кв метр

22

260

2

Бильярддык залдар

0,2

520

1катышуу-

9

104

3

Навайкана, самсакана (тандырына) шашлыкчылар (мангалына)

12

520

1 даана

520

6240

4

Күйүүчү май куйуучу жайлар, автоунаа оңдоочу жайлар

0,6

520

1-кв метр

26

312

5

Кызмат көрсөтүү сферасы, чач тарачтар, сулуулук салондор, мастердик оңдоо

6

520

1 кызматкер

260

3120

6

Компьютердик оюн залдар

1,5

520

1 орундукка

65

780

 

7

 

Ажаатканалар

 

2,5

 

520

 

1 орундукка

108

 

1300

 

 

 

“Тазалык” муниципалдык

ишканасынын жетекчиси        

 

Э.Нуркамилов.